Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун адвокаттары Нина Зотова менен Асел Аргымбаева соттук-баллистикалык экспертиза бир топ мыйзам бузуулар менен жүргүзүлдү, деп билдиришти. Түрк жараны атып өлтүрүлгөн делген Жекшенкуловдун тапанчасы экспертиза жүргүзүлгөн мекемеден сыртка мыйзамсыз алынып чыкканын, иликтөө иштерине Ички иштер министрлигинин кызматкерлери киргизилгенин айтышты. Көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө да уруксат берилген эмес, муну тергөө кызматкерлери Кыргызстанда жүргүзүлгөн экспертизанын аныктыгынан күмөн санабаш керек, деп түшүндүрүшкөн. Адвокаттар тергөө органдары даярдаган документтерге түк ишенбей турганын белгилеп, 26-майда сот процессинде Москвада кайталап экспертиза жүргүзүүгө уруксат берүүнү сурап доо арыз жолдошоорун билдиришти. Оппзициялык Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Аликбек Жекшенкуловду 8-мартта анын тапанчасынын адам өлтүрүлгөн деген шек менен Улуттук коопсуздук кызматты камакка алган. (EBM)