Замирбек Парманкуловдун жактоочусу Талантбек Култаев «Азаттыкка» кабарлашынча, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ош шаарындагы «Ричмэн» кафесинде мас абалында бейбаштык кылып, ишкананын бир катар мүлктөрүн талкалап, олуттуу зыян келтирген деп айыпталууда. Ал эми мурунку парламентарий өзүнө карата козголгон кылмыш ишин саясий буюртма катары эсептөөдө. Ошондуктан, анын оюнча, адегенде 12инчи, андан кийин 22-майга белгиленген сот жараяны эми 26-майга жылдырылды.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Памирбек Асановдун ырасташынча, Парманкуловдун аракетинде кылмыш курамы бардыгы тергөөдө аныкталды, бирок аны саясатташтыруунун кажети жок. (ATo)