Бирок тараптар энергия жана башка маселелер боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Россия менен биримдиктин мамилелери грузин-орус согушу жана Киев менен Москва ортосундагы газ кризисинен кийин кыйла сууй түшкөн. Орус президенти Дмитрий Медведев саммиттен кийинки пресс-конференцияда газдын европалык кардарларга берилбей калышына Украина күнөөлү болчу деди. Медведев ошондой эле Евробиримдик сүрөөнгө алган энергия коопсуздугу боюнча келишимине каршы турумун кайталады. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозо биримдик Россиянын сунуштарын карап чыгаарын, бирок Энергия хартиясы башка документ менен алмаштырылбай турганын айтты. Биримдиктин учурдагы төрагасы Чехиянын президенти Вацлав Клаус бийик жолугушуу айырмачылыктарга карабай ишеним орнотууга салым кошту деген баасын берди.