Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Бүгүн “Жаңы Ала Тоо” деген жаңы журналдын бет ачаар аземи болду


Кыргызстан жазуучулар биримдигинин төрагасы Омор Султанов бул азем учурунда мындан ары журнал ай сайын үзгүлтүксүз чыгарыларын билдирди. Бетачаарда 21-июнда жазуучулардын жалпы курултайы боло тургандыгы жарыя кылынды Ал эми азем учурунда айрым жазуучулар Омор Султановду төрага болуп шайлангандан бери бир да жолу пленум өткөргөн жок деп сынга алышты. Ушул эле күнү жазуучулардын башка бир тобу өздөрү Жазуучулар биримдигинин пленуму деп атаган жыйынды өткөрүштү жана жазуучулар биримдигинин жаңы төрагасы кылып жазуучу Байас Туралды шайлашты. Омор Султанов бул жыйынды мыйзамсыз деп санаарын жана анын чечимин тааныбай тургандыгын билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG