Мындай кабар комитеттин төрайымы Курманжан Сапарбаевадан алынды. Анын айтуусуна караганда, жердештери атаандаш, бейтарап жана ишенимдүү маалымат алуу булагынан ажыраганына бир жылга аяк басты. Өкмөтчүл массалык маалымат каражаттары, мисалы, УТРК, 5-канал, «Кыргыз туусу», «Эркин-Тоо» элет элинин чыныгы турмушун чагылдыруунун ордуна Акаев доорундагыдай бийликти мактоо менен алектенүүдө.
Райондук мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Сапарбаеванын дооматтарын четке кагып, аймакта «Ачык саясат», «Учур» сыяктуу оппозициялык маанайдагы гезиттер ачык сатылып жаткандыгын белгилешти.
УТРК былтыр октябрдан тарта “Азаттыктын” үналгы жана теле берүүлөрүн обого чыгарууну бир тараптуу токтоткон. Учурда “Азаттык” берүүлөрүн өлкөдөгү бир катар жергиликтүү үналгылар аркылуу угармандарга жеткирүүдө. “Азаттык” берүүлөрүн УТРК аркылуу кайра элге жеткирүү талабы менен угармандар тобу буга чейин Бишкекте пикет да өткөрүшкөн. (ATo)