Грекиянын борбору Афиныда жергиликтүү мусулмандар менен полиция ортосундагы кагылышуудан 14 адам оор жараат алды, 46 киши камакка алынды. Кабарларга караганда 75 унаа өрттөлүп, бир катар имараттар талкаланган. Жүздөгөн демонстранттар шаршембиде бир кафенин ичинде болгон окуяга нааразылыгын билдирип, парламент алдында чогулушту. Демонстранттардын ырасташынча, 20-майда мусулман мигрантка тийешелүү кафени текшерүү учурунда полициячы Куран китебин айрып салган. Полиция бул окуя тергелип жатканын билдирди. Нааразылык акциясына чыккандар полицияга таш ыргыткан, полиция болсо аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду.