Тегерандагы түрмөдө 4 ай отурган теги ирандык америкалык журналист Роксана Сабери АКШга кайтып келди. 32 жаштагы журналист Сабери бир нече күн Вашингтондо болорун, андан соң Түндүк Дакота штатына жол тартарын айтты. АКШга барар алдында Австриянын Вена шаарына келген Сабери өзүн жакшы сезип жатканын айтты. Сабери январда Иранга келгенде АКШнын пайдасына тыңчылык кылды деген айып менен камакка алынган. Тегеран соту Саберини 8 жылга эркинен ажыраткан. АКШ, Евробиримдик жана укук коргоочулар журналисттин камакка алынышын айыптап, Иран бийлигин Саберини бошотууга үндөшкөн. 11-майда сот мурдагы чечимин өзгөртүп, Саберини шарттуу түрдө 2 жылга эркинен ажыраткан чечим кабыл алган.