Губернатордун 1-орунбасары Турдуназир Бекбоев чек араны иликтөө ишин облустун Базар-Коргон, Ноокен райондорунан баштады. Аны менен чек арадагы айыл өкмөттөрдүн жана райондордун башчылары, кыймылсыз мүлктү каттоо кызматкерлери, чек араны тактоочу мамлекеттик комиссиянын облустагы өкүлү бирге жүрөт. Бекбоевдин белгилешинче, кечээ болгон облустук кеңешме ушундай чечим кабыл алган. Облус менен Өзбекстандын ортосундагы жерлердин 90 пайызы эки тараптуу комисиялар макулдашкандай 1955-жылкы картага ылайык аныкталган. Тактоону талап кылган дагы 25 жай бар. Аларды 1924-жылкы, же 1936-жылкы карта менен кароо туура болбойт. Ноокен районундагы Чек айылындагы өзбек бекети менен тосмосу бүгүн-эртең алынат деп айтылган, бирок ал сөз качан ишке ашаары белгисиз. (YA)