Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Былтыр Кыргызстанга 600 миллион доллар инвестиция келди


Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов бүгүн Бириккен Арап Эмиратынын энергетика министри Даен Аль Хамили менен жолугушууда билдирди. Кыргыз өкмөтү четтен инвестиция тартып, бизнестердин ачылышына ыңгайлуу шарттарды түзүп жатканын, ошондуктан өлкөдө инвестициянын азайышы сыяктуу көрүнүштөр жок экенин айтты. И. Чудинов арап инвесторлоруна экономика тармагында пайдалуу долбоорлорду сунуштоого даярдыгын баса белгиледи. Кыргызстандын инвестициялык абалын иликтөө үчүн Ишкер кеңешин түзүүнү сунуштады. Даен аль Хамили өз кезегинде Эмираттагы жеке жана мамлекеттик фонддор энергетика жана инфраструктура жааттагы долбоорлорду ишке ашырууга белен, деп билдирди. Кеңеш түзүү сунушун колдоду. Бул туурасында кыргыз өкмөтү кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG