27-майда Борбордук шайлоо комиссиясы Европалык Коопсуздук жана Кызматташтык (ЕККУ) Уюмунун Бишкектеги борборунун колдоосу менен шайлоо тууралуу маалымат жыйын өткөрөт. Ага ЕККУга мүчө жана өнөктөш мамлекеттердин Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар катышат. БШК билдиргендей, жергиликтүү мамлекеттик эмес уюмдар да чакырылган. (EBM)