Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:19

Жалал-Абат: Аялдар уюму алдангандарды коргоого алды


Облусттагы Лидер аялдар бирикмесинин билдиришинче, жыл башынан бери аталган уюмга Орусияга иштөө үчүн барып алданып калган он киши кайрылган. Жабырлангандарды сыртынан саткандар, бир жылдан ашык иштетип айлыгын бербей, акыры орус милициясына карматып салышкан. Сот чечими менен алар орус аймагынан чыгарылган. Бирикменин президенти Жанна Саралаеванын белгилешинче, жабырлануучулар түрдүү жардам алышкандан кийин алдап иштеткендерди сотко берүүдөн баш тартышты. 2006-жылдан бери уюмга келген алтымыштай жабырлануучунун он үчү гана сотко арызданган. Адам аткезчилиги менен алектенди, деп күнөөлөрү далилденгенден кийин 10 миңден 30 миң сомго чейин акчалай айыпкы жыгылышкан. Кыргыз мыйзамдарына ылайык адам сатты деп күнөөлөнгөн адам 5 жылдан 20 жылга дейре эркинен ажыратылат. (YA)

XS
SM
MD
LG