Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Жалал-Абат: Ж. Назаралиевди колдогон кол тамгалар тапшырылды


Президенттикке талапкер Жеңишбек Назаралиев үчүн облус аймагынан жыйналган 3100 кол тамга тапшырылды. Бул тууралуу облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымов билдирди. Анын айтымында, дүйшөмбүдөн тарта облшайлоокомдогу атайын комиссия кол тамгалардын сапатын текшерүүгө киришет. Облус аймагында ушу тапта президенттик шайлоого катышмакчы болгон президент Курманбек Бакиев, БЭКтен чыккан бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаев, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев, Коммерциялык эмес уюмдардын төрайымы Токтайым Үмөталиева үчүн кол жыйналып жатканы маалым болду. Талапкерлердин өкүлдөрү кол жыйноого тоскоолдук болгону тууралуу расмий билдирише элек. (YA)

XS
SM
MD
LG