Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Барак Обама Түштүк Кореяга көңүл айтты


Түштүк Кореянын мурдагы президенти Но Мун Хендин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу дүйнө лидерлери көңүл айтышууда. Президент Барак Обама бийликте турган маалда Но Мун Хен Түштүк Корея менен АКШ ортосундагы мамилелерди бекемдөө үчүн көп иштерди жасаганын белгиледи. 62 жаштагы Но Мун Хен кечээ тоодо сейилдеп жүрүп, аскадан кулап кеткен. Алдын-ала божомолдорго ылайык, Но Мун Хен өз жанын өзү кыйган болушу мүмкүн. 2003-жылдан 2008-жылга чейин Түштүк Кореяны башкарган Мун Хенге карата соңку күндөрү коррупцияга тийешеси бар деген айыптар коюлуп жаткан.

XS
SM
MD
LG