АКШда жайгашкан интернеттеги белгилүү Facebook баракчасы Ирандын аймагында ачылбай калды. Facebook тараткан билдирүүдө “Иран бийлигинин бул баракчага тыюу салуу чечими өкүндүрөт” деп айтылат. Мунун алдында Ирандын ILNA маалымат агенттиги өкмөт 12-июнга белгиленген президенттик шайлоого чейин оппозиция лидери, президенттикке талапкер Мир Хусейн Мусавинин пайдасына үгүт маалыматтарга чек коюу үчүн Facebook сайтын жабуу тууралуу маселени караштырып жатканын кабарлаган. Facebook Иран бийлигинин мындай турумун сөз эркиндигин чектөө аракети катары баалады.