Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Кытай делегациясы Бишкекке келди

Бүгүн Кытай Эл Республикасынын Элдик саясий Консультативдик Кенешинин төрагасынын орун басары Чан Мэйин жетектеген делегация менен Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев жолугушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Ак жол" фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов билдирди. Анын айтымында, Кытай азыр Кыргызстандын негизги экономикалык өнөктөшү жана бул мамлекеттин экономикалык, социалдык маселелерди чечүүдөгү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Андан тышкары “Ак жол” партиясы Кытайдын коммунисттик партиясы менен партиялык кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөп жатат. Кытайдык делегация менен Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев да жолугушат жана делегация Улуттук Университеттеги жаңы ачылган Конфуций институту менен таанышат. (BD)
​
XS
SM
MD
LG