Дания баш калаасы Копенгагенде, ишкерлердин конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Пан Ги Мун дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн баарын абага булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартууга ынандыруу зарылдыгын белгилөө менен ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүн бул ишке өз салымын кошууга чакырды. Учурда Копенгагенде климатын өзгөрүүсү боюнча бизнес саммит өтүүдө.
БУУнун климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча буга чейин кабыл алынган документ – Киото протоколун алмаштыруучу жаңы келишимге жетишүүнү көздөгөн конференциясы да жыл соңунда Дания баш калаасында болот.