Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:36

Пакистан армиясы Сват өрөөнүндөгү башкы шаардын “маанилүү аймактарын” ээледи


Армия командачылыгынын айтымында, аскерлер Талибандын согушкерлеринен Мингора шаарынын “маанилү аймактарын” тартып алды. Мингора өлкөнүн түндүк-батышындагы Сват өрөөнүнүн башкы шаары. Армиянын билдиргенине караганда, кечээги уруштарда кеминде беш согушкер жок кылынып, он төртү туткундалган.

Пакистан армиясы Сват өрөөнүндө кеңири масштабдагы операцияны Талибандын согушкерлери быйыл февралда жетишилген талаштуу тынчтык келишиминен соң өрөөндүн айланасындагы райондордо да өз көзөмөлүн орнотууга аракеттенип, а түгүл башкалаа Исламабаддан жүз чакырым аралыкта жайгашкан аймакка чейин кирип келген соң баштаган эле.

Улуттар уюмунун эсебинде, уруштардан улам Сват өрөөнүнөн 1 миллион 700 миңдей адам качууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG