Шри Ланканын өкмөтү чейрек кылымга созулган согуштан соң “Тамил жолборстору” тобунун согушкерлери толук талкаланганын өткөн аптада жарыялаган эле. Ошондой эле “Тамил жолборсторунун” жолбашчысы өлтүрүлгөнү кабарланып, теледен анын сөөгү көргөзүлгөн. Аталган топ кечээги билдирүүсүндө “алмашкыс” лидери Веллипуллай Прабхакаран каза тапканын моюнга алуу менен ал шейит кеткенин белгиледи. Тамилдер ага катар жолбашчысынын урматына бир апта аза күтүү жарыялашты. Маалыматтарга караганда, Прабхакаран 17-майдагы уруш учурунда мерт болгон. "Тамил жолборстору " Шри Ланканын бир аралында тамилдердин көз карандысыз мамлекетин түзүү үчүн куралдуу күрөш жүргүзүп келген.