Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:07

Түндүк Корея өзөктүк сыноо өткөрдү


Түндүк Кореянын өзүнүн билдирүүсүнө караганда, бүгүн ал жер алдындагы өзөктүк сыноону ийгиликтүү өткөрдү. Коңшу Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бак бул окуядан соң кырдаалды талкуулоо үчүн өлкөнүн улуттук коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырды.

Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, сыноо өлкөнүн өзөктүк коргонуу кубатын чыңдоо үчүн өткөрүлдү жана жарылуунун күчү 2006-жылдын октябрында болгон акыркы сыноодон чоң болду.

АКШнын Геологиялык кызматы Түндүк Кореянын аймагында бүгүн кубаты 4,7 баллды түзгөн жер титирөөнү катталганын билдирди. Бул сыноонун белгиси болушу мүмкүн.

Улуттар уюму санкцияларын күчөткөнүнө жооп ирээтинде өзөктүк сыноо өткөрөрүн Түндүк Корея бир нече аптадан бери эскертип келген. Санкциялар Пхеньян апрелде баллистикалык ракетасын учургандан кийин киргизилген эле. Бул окуядан соң Түндүк Корея анын куралсыздануу маселесин талкуулаган алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөн да чыгып кеткен.

Сүйлөшүүлөргө Түндүк, Түштүк Кореядан тышкары АКШ, Кытай, Орусия, Жапония катышып келген.

Жапониянын расмий өкүлдөрү Түндүк Кореянын сыноосуна байланыштуу Токио БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылуусу мүмкүн экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG