Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

ИИМ: Жекшенкуловдун тапанчасы боюнча дооматтар негизсиз


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүү таратып, экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун куралына байланышкан соттук-баллистикалык экспертизанын тыянактары бурмаланганды деген маалыматты төгүндөдү. Билдирүүдө айтылганга караганда тапанчага баллистикалык экспертиза Жекшенкуловдун жана анын эки адвокатынын катышуусунда мыйзамдарды толук сактоо жолу менен өткөрүлгөн жана ага эксперттер өздөрү көзөмөлдүк кылышкан.
Эксперттер Жекшенкуловдун белекке алган тапанчасынан 2007-жылы Таласта түркиялык ишкер Сервет Четин атып өлтүрүлгөн деген тыянак чыгарган.
Экс-министрдин адвокаттары Асел Аргымбаева менен Нина Зотова өткөн аптада маалымат жыйынын өткөрүп, экспертиза олуттуу мыйзам бузуулар менен өттү деп билдиришкен.
Экс-министр, “Акыйкат үчүн” кыймылынын башчысы Аликбек Жекшенкулов 8-марттан бери Улуттук Коопсуздук Комитетинин камагында отурат. (BuS)

XS
SM
MD
LG