Нарын шаарындагы Эсенгул Ибраев атындагы орто мектептин 11-классын 30 окуучу аяктап жатат. 1971-жылы пайдаланууга берилген бул мектепти 38 жылда 2632 окуучу бүтүргөн. Бирок ушул аралыкта мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес. Мындай маалыматтар бүгүн ушул мектепте болгон «Акыркы коңгуроо» салтанатында айтылды. Ал эми үстүбүздөгү жылы Нарын облусунда 11-классты 4188, 9-классты болсо 5922 окуучу аяктап жаткандыгын облустук акимчиликтин башкы адиси Ысак Орозалиев билдирди. Нарын облусунда 2005-2006- окуу жылында жалпысы мектеп парталарынан 65 393 окуучу билим алса, быйыл 59 186 окуучу окуу жылын аяктоодо. Же болбосо үч жыл аралыгында теңиртоолук окуучулардын саны 6 207 окуучуга азайган. (KUs)