Мындай маалыматты облустук акимчиликтин маалымат кызматынан 25-май күнү «Азаттыкка» билдиришти. Маалыматка караганда, 15-май күнү өзбек чек арачылары кыргыз автоунаасына эч эскертүүсүз, мыйзамсыз ок чыгарышы тууралуу арыз эл аралык сотко берүү үчүн даярдалууда. Келтирилген чыгымдарды төлөп берүү, ээнбаштык кылган чек арачыларга чара көрүү тууралуу өзбек тарап алиге чейин чечим чыгарбагандыктан, ушундай кадамга баруудабыз деп, облустук акимчиликке жабырлануучулардын бири, Таян айылынын тургуну Жумабай Калилов кайрылган.
15-майда Сох анклавынан Баткендин Таян айылына бараткан кыргыз автоунаасына өзбек чекарачылары токтотуу жөнүндө ишарат да кылбай эле жол четинен чыгып, машинанын артынан бир нече ок чыгарышкан. Анын натыйжасында жүргүнчү аялдар жана бир жаш бала катуу коркуп, эс-учун жоготкон абалда ооруканага түшкөн.(JsA)