Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин ыйгарымдуу өкүлү Алымбай Кадыровдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Ош шаарында өнөктүктү жүргүзүүдө кыйынчылыкка кабылышты. Анын белгилешинче, үй башчылары, ошондой эле ишкана-мекемелердин жетекчилери «бир кишиден башкасына кол коюуга мүмкүн эмес» деп элдин башын айландыргандыктан, көпчүлүк жарандар чочулап Курманбек Бакиевдин тарапкерлеринен башкасына ынабай кыйнашууда. Ошентсе да, жакын арада жетиштүү колтамга топтолуп, шайлоо комиссиясына текшерүү үчүн тапшырылмакчы.
Анткени менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов бир дагы талапкердин ыйгарымдуу өкүлүнөн арыз түшпөгөндүгүн, эгерде мыйзамсыз аракеттер аныкталса, тишелүү кишилерге карата сөзсүз чара көрүлөөрүн билдирди. (ATo)