Орусиянын Коргоо министрлиги дүрмөттүн кубаттуулугу 20 килотоннага чейин жеткенин ырастоодо. Түштүк Кореянын президенти Ли Мун-бак БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогулууга чакырды. АКШнын президенти Барак Обама Түндүк Кореянын өзөктүк сынагы дүйнө коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч болгонун белгилеп, эл аралык коомчулукту чечкиндүү чара көрүүгө үндөдү.