Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Евробиримдик менен Борбор Азия ТИМдери жолугушат


Кыргызстандын Тышкы Иштер министри Кадырбек Сарбаев 29-30-май күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында болуп, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын Тышкы иштер министрлери менен бирге Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери менен жолугушат. Анда Евробиримдиктин Борбор Азиядагы стратегиясынын аткарылышы, билим берүү, мыйзам үстөмдүгү, экономика, соода, энергетика жана жалпы коркунучка каршы туруу маселелери талкууланат. Евробиримдиктин Борбор Азиядагы башкы багыты жакырчылыкты жоюу жана мамлекетти абийирдүү башкарууга көндүрүү. (BD)

XS
SM
MD
LG