Украин өкмөт башчысы Юлия Тимошенко учурда иш сапары менен Ливияда жүрөт. Тимошенконун кечээ Триполиде ливиялык кесиптеши Багдади Махмуди менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин айтканына караганда, Украина Орусияга көз карандылыгын азайтуу үчүн өзүнүн энергия алган булактарын диверсификацияоого үмүттөнөт. Ал Ливияга Одесса портунда мунай тазалоочу завод, ал эми өлкө аймактарында май куйуучу бекеттерди курууну сунуш кылды. Ал эми Ливия премьер- министринин айтымында, анын өлкөсү Украина менен өзөктүк энергия жаатында кызматташууга үмүттөнөт.