Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяны бир добуштан айыптады


Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяны өзөктүк сыноо өткөргөнү үчүн бир добуштан айыптоо менен мындай аракет Коопсуздук кеңешинин буга чейинки эки резолюциясын ачык бузгандык экенин белгиледи. Жапониянын талабы менен чукул чакырылган жыйындан кийин кабыл алынган билдирүүдө Түндүк Корея боюнча мыйзамдык күчкө ээ жаңы резолюцияны даярдоо иши дароо башталары айтылат.

АКШнын БУУдагы элчиси Сьюзан Райс Түндүк Кореянын сыноосун “эл аралык мыйзамдарды одоно бузгандык” деп атоо менен Вашингтон Пхеньянды жазалоо үчүн катаал чараларды көздөөрүн белгиледи:

-Жыйын кыска эле болду, баары сүйлөштү жана баары бирдей көз-карашты карманышты. Биз азыр резолюциянын үстүнөн иштөөнү чечтик. Биз бул катаал, мазмууну олуттуу резолюция болуусу керек деп эсептейбиз.

Түндүк Кореянын өзөктүк сыноосу “өтө олуттуу” экенин Орусиянын элчиси Виталий Чуркин да белгилеп, Улуттар уюму катаал чара менен жооп берүүсү зарылдыгын кошумчалады.

Кечээ таңга маал өткөрүлгөн сыноо - Түндүк Кореянын экинчи өзөктүк сыноосу болду. Биринчисин ал 2006-жылы өткөргөн.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореядан буга чейин эле анын өзөктүк сыноо жүргүзүүсүнө тыю салган эки резолюцияны сактоону талап кылуу менен аны алты тараптуу сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырууда.

Түндүк, Түштүк Кореядан тышкары АКШ, Кытай, Орусия, Жапония катышып келген сүйлөшүүлөрдөн Пхеньян быйыл апрелде чыгып кеткен. Анда БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Корея баллистикалык ракетаны сыноосун айыптаган эле.

XS
SM
MD
LG