Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

АКШ президенти Түштүк Корея менен Жапонияны коопсуздугу корголоруна ишендирди


Ак үйдүн билдиргенине караганда, президент Барак Обама АКШнын Түштүк Корея менен Жапониянын коопсуздугун камсыз кылууда “так” милдеттемеси бар экенин Түндүк Кореянын өзөктүк сыноосунун соңунан дагы бир ирээт айтты. Ал Жапониянын премьер- министри Таро Асо, Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бак менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Түндүк Кореянын өзөктүк сыноосуна координацияланган түрдө жооп берүү маселесин талкуулаган.

Бул аралыкта бүгүн Түштүк Корея Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча АКШ баштаган коопсуздук демилгесине кошуларын жарыялады. Ал демилге массалык кыргын салуучу курал жасоодо керектелүүчү жабдуулар бар деп шектелген жүктөрдү кармоого багытталган. Мурдараак Түндүк Корея Түштүк Кореянын бул программага толук кошулуусун согуш жарыялагандык катары кабыл аларын эскерткен болчу.

Түндүк Кореянын өзү болсо бүгүн таратылган билдирүүсүндө президент Барак Обаманын администрациясы да душманчыл маанайда калып жатканын, АКШ тараптан кандай кол салуу жасалбасын ага толук даяр экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG