Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

К.Бакиев: Кыргызстан кедей өлкө деген пикирди жок кылабыз


Бүгүн Мамлекеттик тил сынагынын шартына ылайык өз программасын оозеки айтып берүүдө президент Курманбек Бакиев өлкдө бир катар социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Камбар-Ата -2 ГЭСинин биринчи агрегаты ушул жылдын декабрында ишке киргизилет. Таш-көмүрдөгү Кристалл заводу өзүнүн продукцияларын бере баштады. Кара-Балтадагы тоо-кен комбинаты 2 миң тонна уран кошулмаларын кайра иштетип чыгарууга даяр. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу Орусиялыктар менен бирдикте быйыл башталарын, Кумтөр боюнча жаңы келишимге кол коюлуп, ага ылайык 15 жылда 3 млрд. долларга чукул Кыргызстан пайдага тунарын, айыл-чарбасына артыкча көңүл буруларын, Билим берүү, саламаттык сактоо, укук коргоо, сот тармагында, коргоо жана тартип коргоо органдарында реформа жүргүзүлөрүн айтты. Учурда Курманбек Бакиев көркөм окуу боюнча “Энесай кыргыздарына” байланыштуу тексти окууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG