Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Москва районунда эки адам ачкачылык жарыялады


Бул тууралуу Петровка окуясы боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Баялы Саркулов “Азатыкка” билдирди. Анын айтымында, “Реформа үчүн кыймылдын” жетекчиси Аликбек Жекшенкуловду, “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди, “Болуш” уюмунун башчысы Сапарбек Аргынбаевди камактан бошотуу талабы аткарылмайынча Москва районун борборуна боз үй тигип эки адам ачкачылык жарыялашты. “Эгерде жогоруда аты аталгандар камактан бошотулбаса ачкачылык жарыялагандардын катары дагы көбөйүшү күтүлүүдө”,-дейт Саркулов. (AJ)

XS
SM
MD
LG