Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:52

Экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун соту башталды


Адвокат Асел Аргымбаеванын "Азаттыкка" берген маалыматына караганда бүгүн башталган алгачкы отурумунда Биринчи май райондук соту Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызды канагаттандырган жок. Бул отурумда негизинен Жекшенкуловго каршы козголгон кылмыш иштери менен таанышуу болду. Бул отурумга байкоочу катары Германиянын, Түркиянын, жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилери катышты деп билдирди адвокат. Сот отурумунда ошондой эле оппозициялык саясатчылар Исмаил Исаков менен Өмүрбек Текебаев да байкоочу катары катышты. Жекшенкуловдун соту 11-июнда улантылып, анда күбөлөр суралмай болду. Аликбек Жекшенкуловго каршы эки кылмыш иши козголгон. Алардын бири экс-министрдин белекке алган тапанчасынан түркиялык ишкер өлтүрүлгөн, экинчиси Кытайдан алынган грантты максатсыз пайдаланган деп негизделүүдө. Жекшенкулов менен кошо киши өлтүрүү фактысы боюнча Талас облусунан Ильяс Абдыкадыров, Бакыт Супатаев, Кытай гранты боюнча ТИМдин мурдагы кызматкерлери Таалайбек Кыдыров, Данияр Мамытбаев, Нургүл Токтосунова айыпталууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG