Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Сот Эркин Бөлөкбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок


"Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге байланыштуу Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди Бишкек шаардык соту бүгүн карап, күчүндө калтырды. Ага ылайык саясатчы 27-июнга чейин камакта кала берет. Бөлөкбаев менен кошо Петровка окуясы боюнча укук коргоочу Сапар Аргымбаев да камакка алынган. Бул экөөнү жана “Реформа үчүн” кыймылынын башчысы Аликбек Жекшенкуловду камактан бошотууну талап кылып ушул эле күнү Москва районунун борбору Ак-Сууда боз үй тигип, жети киши ачкачылык жарыялады. Кечке жуук боз үй милициянын талабы менен чечилди деп кабарланды.
Бүгүн эртең менен Бөлөкбаевдин боштондугун талап кылып Сокулук айылында жүздөй киши нааразылык акциясына чыгып, Бишкек-Ош жолун кыска убакытка бууп турганы кабарланган. 26-майдагы Петровка жаңжалы боюнча Бөлөкбаев менен Аргымбаев эки айга камакка кесилип, Коопсуздук Комитетинин камагында отурат. (BuS)

XS
SM
MD
LG