Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Өзбекстандын Ханабад шаарында атышуу-жардыруу катталды


Кыргызстан менен чек арага чукул бул шаардагы кырдаал бүдөмүк бойдон калууда. Өзбекстандын баш прокурорунун маалымат катчысы Светлана Артыкова "Азаттыкка" өткөн түнү чек ара бекетине белгисиз куралчандар кол салганын кабарлады. Катчы бекеттеги жардыруудан кишилер жапа тартканын бышыктады, бирок так сандарды келтирген жок. Бүгүн түштөн кийин Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков биздин радиого Өзбекстан тарап бүгүн чек араны кайра ачканын, бирок Кыргызстан көзөмөл режимин күчөтүлгөн режимде кармап турганын маалымдады. Ал эми Жалал-Абаттагы кабарчыбыз кеминде бир чек ара бекети ачылганын билдирди. Ханабаддан 80 чакырым батыштагы Андижандын тургундары шаарда аскерлердин саны көбөйгөнүн билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG