Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Москва районунда ачкачылык жарыялагандар акциясын бүгүн да улантат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жашылдар” партиясынын жаштар канатынын башчысы Каныбек Сарымсаков билдирди. “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов, “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев жана “Болуш” бирикмесинин жетекчиси Сапар Аргынбаевди абактан бошотуу талабы менен кечээ ачкачылык жарыялап, талап аткарылмайынча район борборуна тигилген боз үйдө кала беришээрин билдиришкен. Боз үй ээси Тезекбаева Тынаркүл 10-15 милиционер коркутуп жатат деп кечээ кечинде боз үйүн алып кетип калгандан кийин ачкачылык жарыялагандар чатыр тигип отурушат деди Каныбек Сарымсаков.(BD)

XS
SM
MD
LG