Бүгүн Жогорку Кеңештин коргонуу, коопсуздук жана сот-укуктук реформа комитети 19-апрелде Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Чек айылында болгон окуяны талкуулайт. Окуя тууралуу комитетте Чегара кызматынын башчысы Токон Мамытов жана Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев маалымат беришет. 19-апрелде Өзбекстандын ички иштер министрлигинин куралданган кызматкерлери Чек айылынын тургундарынын үйлөрүн тинтишкен. Андан кийин чегарачылары айылдын аймагына чегара тосмосун орнотуп салышкан. Тышкы иштер министрлиги 30-апрелде жиберген нотага Өзбекстан расмий жооп берген эмес.Андан бир жумадан кийин Өзбекстандын Чегараны коргоо комитети мурдатан пландалган иш жүргүзүлгөн деген маалымат тараткан. (BD)