Барак Обама Мьянманын бийликтерин өлкөдөгү демократиялык оппозициянын лидери Аун Сан Су Чжини “тезинен жана шартсыз” бошотууга чакырды. Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси, 63-жаштагы Аун Сан Су Чжи акыркы алты жылдан бери үй камагында отурган жана үйүнө америкалык жаранды киргизүү аркылуу үй камагынын шартын бузган деп айыпталып, учурда иши сотто каралууда. Оппозиция лидерине жаңы айып такканы үчүн Мьяманын бийликтерин АКШ, Евробримдик, Улуттар уюму, адам укугун коргоочу топтор сынга алды.