Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Түндүк Корея Түштүк Кореяны аскерий чара менен коркутууда


“Ассошейтед пресс” агенттигинин билдиргенине караганда, Түштүк Кореяга карата аскерий чара колдонулары жөнүндөгү эскертүү Түндүк Кореянын армиясы тарабынан жасалды. Мындай эскертүүнүн алдында Сеул Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча АКШ баштаган коопсуздук демилгесине кошулганын билдирген эле. Ал демилге массалык кыргын салуучу курал жасоодо керектелүүчү жабдуулар бар деп шектелген жүктөрдү кармоого багытталган. Мурдараак Түндүк Корея Түштүк Кореянын бул программага толук кошулуусун согуш жарыялагандык катары кабыл аларын эскерткен болчу.

Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча АКШ баштаган коопсуздук демилгесине Түштүк Корея коңшусу ушул дүйшөмбүдө өзөктүк сыноо өткөргөн соң кошулду. Пхеньяндын мындай аракети эл аралык коомчулуктун айыптоосун жаратты. Түндүк Корея болсо эл аралык коомчулуктан айтылган сындарга, эки күндүн ичинде кыска аралыкка учуучу беш ракетасын сыноо менен жооп берди, ошондой эле кабарларга караганда, өзөктүк бомба жасоодо керектелүүчү плутоний өндүрө алган заводун кайрадан ишке киргизген.

XS
SM
MD
LG