Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:30

А.Атамбаев: Менин максатым – үй-бүлөлүк башкарууну жоюу


Оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-майда, мамлекеттик тил боюнча сынакта өзүнүн программасын тааныштырып жатып, менин максатым - үй-бүлөлүк башкарууну жоюу, деп билдирди. Кыргызстандагы башкы көйгөй дүйнөлүк каржы кризиси эмес, өлкөдөгү уурулардын көптүгүндө болуп жатат, алардын көпчүлүгү бийликте отурушат, менин максатым уурулукту азайтуу деди, ал. "Кудай буюруп, эгер президент болуп калсам үй-бүлөлүк башкарууну жоюп, мамлекеттин мүлкүн уурдап-тоногондорду азайтам ", деп баса белгиледи талапкер. Өкмөт башчы болуп иштеп турганда, бюджетке акча толуп, коррупция азайганын айткан А. Атамбаев Камбар-Ата ГЭСине биринчи 300 млн. сомду "биздин өкмөт берген", деди. "Президент Курманбек Бакиев кристалл заводу ишке кирди, деп айтты, бирок бул завод болгону бир жарым миллион долларга эле, ит бекерге сатылып кетти, мамлекеттик ири ишканалар ушинтип жең ичинен кетип жатат, "шапкелерин" бийлик алууда", деп сындады. "Азыр укук коргоо органдары кылмышкерлер менен эмес, өз элине каршы күрөшүп жатат, бул жаатта да терең реформалар керек", деди ал. (EBM)

XS
SM
MD
LG