Президент Курманбек Бакиев бүгүн түрк кесиптеши Абдуллах Гүл менен көзмө-көз сүйлөшүп жатып, эки өлкөнүн кызматташтыгы айрыкча соода-экономикалык, билим жана маданият тармактарында туруктуу өнүгүп жатканын билдирди. Түркия президенти бул иш сапары карым-катышка жаңы дем берип, анын кеңейишине жардам берет деген ишеничин билдирди. Абдуллах Гүл өз кезегинде кыргыз тарапты жылуу-жумшак тосуп алганы үчүн ыраазычылыгын айтты. Ал бул иш сапар боордош элдердин кызматташуусун дагы жогорку деңгээлге көтөрүүгө багытталганын баса белгиледи. Кыргыз президентинин маалымат кызматынын кабарына караганда, алгач Өкмөт үйүнүн кире бериш жеринде эки президенттин ырасмий жолугушуу аземи болду. Флагштокторго Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, эки өлкөнүн гимндери ойнолду. Андан кийин Президент Курманбек Бакиев менен Президент Абдуллах Гюль тар чөйрөдөгү жолугушуу өткөрүү үчүн Өкмөт үйүнө бет алышты. (EBM)