Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Ташкен-Анжиян жолун кайтарууга кошумча аскер күчтөрү жана техника коюлду


Кыргыз Чек ара кызматынын билдиришинче Өзбекстандын Ханабад шаарында 26-май түнү болгон окуяга байланыштуу эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери биргелешип аракеттенип, маалымат алмашып туруу үчүн жолугушуу өткөрүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Азыр Ташкен-Анжиян унаа жолу катуу кайтарууга алынды, аскердик техникасы бар кошумча посттор уюштурулду. Кыргызстандын чек арасы да катуу кайтарууда турат. Айрым өзбек маалымат каражаттары өлкөнүн Башкы прокуратурасына таянып Кыргызстандан өтүп келген куралчан эки-үч адам Ханабаддагы ички иштер бөлүмүнө кол салды деген маалымат таратты. Кыргыз Чек ара кызматы муну четке кагууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG