Өкмөттүн аймактык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселелери бир жарым кылымга чкукул убактан бери эле такталып келе жатканын билдирди. Эки өлкөнүн чек ара маселесинин татаалдагы андагы этникалык топтордун ар дайым бир аймактан экинчи аймакка көчүп-конуп келгендигинде тураарын белгиледи. С. Аламанов 2002-жылдан бери эки мамлекеттин комиссиясы чек араларды тактоо боюнча иштеп келатканын, бул жерде сабырдуулук, күтө билүү, бири-бирин түшүнүү менен эки тарапка тең пайдалуу жолдорду издөө керектигин айтты. (EBM)