Бүгүн Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясы жыйын куруп, анда "Баалуу кагаздар рыногу тууралуу” мыйзам долбоорго өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланды. Фракция өкүлү Галина Куликова бул мыйзам долбоорду иштеп чыгууга 7,5 миллион доллар жумшалганы менен өлкөнүн баалуу кагаздар рыногунда мүчүлүштүктөр жоюлуп абал жакшы жакка өзгөрбөгөнүн айтты. Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолукканда, алар депутаттар коомчулуктун пикирин укпай мыйзамдарды 1-2 окууда эле кабыл алат, деп сынга алып жатканын баса белгиледи. Мыйзам долбоор боюнча баяндама жасаган депутат Бакыт Төрөбаев парламенттин экономика, бюджет жана каржы комитети бул мыйзам долбоорду иштеп чыгууга 2-3 ай кетиргенин, кырктан ашык берене оңдолуп, сексендей өзгөртүү киргенин айтты. Жыйын соңунда мыйзам долбоор жыйындарда талкууланып, башка депутаттардын сунуштары эске алынып бир жумадан кийин кайра фракцияда карала турган болду. (EBM)