Француз делегаттары Ош шаары менен таанышып, “Ага Хан” корунун мектебинде болушат. Аларды Жогорку Кеңештин депутаты Нурпазыл Атамбев коштоп жүрөт. Парламенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, чет өлкөлүк өкүлдөр 28-майда Нарында болушат жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу менен таанышат. Француз делегаттарынын иш сапары 30-майда соңуна чыкмакчы. (EBM)