Чек ара кызматынын төрагасынын түштүк аймагы боюнча орун басары Акылбек Нышановдун «Азаттыкка» маалымдашынча, “Маданият” чек ара бекетинен башкасы бүт жабылды. Элдин эки тараптуу каттоосу тыйылды, алака качан жанданаарын айтуу кыйын. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдиргенине караганда, экстремисттик-террористтик аракеттердин алдын алуу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Өзбекстан менен чектеш жерлерге текшерип-өткөрүүчү бекеттер коюлду. Ал жайларды милиция чек арачылар менен биргеликте күзөтүүдө. Ош облусунун жана шаарынын жашоочулары чек аранын жабылышынан жабыр тартууда, анткени коңшу өлкөдөн мөмө-жемиштер келбей калды, базарлардагы соода-сатык кыйла солгундады. (ATo)