Жалал-Абат облустук бийлигинин коопсуздук боюнча бөлүм башчысы Кадырбек Бечеловдун белгилешинче, Ханабат шаарындагы жардыруудан кийин Өзбекстан өз чек арасын дароо жапкан. Кыргызстандын чек ара тилкелеринде абал тынч жана эч кандай кооптуу жагдай болгон жок. Чек арадагы талаш жерлерди аныктоо боюнча көйгөйлүү маселелерди эки тараптуу өкмөттүк комиссиялар чечишет. Өзбекстанда болгон окуянын Кыргызстанга тиешелүү деп айтылган жактары жалган. (YA)