Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Кызыл чырым комитети чыгымдарын көбөйттү


Дүйнөдө гуманитардык кризистин күчөгөнүнөн улам Эл аралык Кызыл чырым комитети чыгымдарын көбөйтүүгө мажбур болду. Аталган комитет тараткан билдирүүдө 2008-жылы Судан, Сомали, Ирак жана Ооганстанга жиберилген гуманитардык жардам өткөн жылдарга салыштырмалуу 1 миллиард долларга көп болгону айтылат. Мындан сырткары жардам алган аймактардын тизмесине бул жылы Шри-Ланка жана Палестина да кирген. Кызыл чырым комитети жалпысынан 2 миллион 790 миң кишиге 121 миң тонна азык-түлүк тараткан. Гуманитардык жардам алгандардын көпчүлүк бөлүгүн качыкындар түзөт.

XS
SM
MD
LG