Түндүк Корея 1953-жылы Түштүк Корея менен түзүлгөн элдешүүнүн шарттарын сактабай турганын билдирди. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Ренхал маалымат агенттиги кабарлады. Мындан сырткары Түндүк Корея плутоний өндүргөн Йонбонгдогу өзөктүк борбордун ишин жандандырды. 25-майда Түндүк Кореянын жер алдында өзөктүк дүрмөт жардырганына байланыштуу Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү жабыш эшик артында жаңы резолюциянын долбоорун талкуулашууда. Орусия резолюциянын катаал вариантын колдоого даярдыгын билдирди.