Оппозициянын талапкери Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырганын Улуттук телеканал көрсөтө баштаганда Талас облусунда электр жарыгы өчүп калды. А.Атамбаевдин Таластагы ишенимдүү өкулү Асылбек Найзабеков жана анын жактоочулары “муну бөрк ал десе, баш алган жергиликтүү бийлик атайын жасады”, деген пикирлерин “Азаттыкка” билдиришти. Ал эми Талас облустук электр тармактар ишканасынын башчысы Алик Качкынбаев электр жарыгы техникалык себептен улам өчкөнүн белгилеп, бул көрүнүшкө саясий боёк берүүгө каршы экенин билдирди. Оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-майда, мамлекеттик тил боюнча сынакта өзүнүн программасын тааныштырып жатып, менин максатым - үй-бүлөлүк башкарууну жоюу, деп билдирген эле. Кыргызстандагы башкы көйгөй дүйнөлүк каржы кризиси эмес, өлкөдөгү уурулардын көптүгүндө болуп жатат, алардын көпчүлүгү бийликте отурушат, менин максатым - уурулукту азайтуу, Кудай буюруп, эгер президент болуп калсам үй-бүлөлүк башкарууну жоюп, мамлекеттин мүлкүн уурдап-тоногондорду азайтам ", деп баса белгилеген талапкер сынак маалында. (UA)