Украинанын өкмөтү убактылуу кызматынан четтетилген ички иштер министри Юрий Луценкону кайрадан кызматына бекитүү тууралуу чечим кабыл алды. Жакында эле Батыштын басма сөз каражаттары Луценко Франкфурт аэропортунда мас болуп алып, жаңжал чыгарган деп кабарлашкан. Украина өкмөтү уюштурган атайын комиссия бул маалымат тастыкталбаганын билдирген соң, Юрий Луценко кайта ишине киришти.