Жогорку Кеңештин депутаттары Өзбекстандын парламенти Олий Мажлиске кыргыз-өзбек чегарасындагы кырдаал жана Чек айылындагы окуяга байланыштуу кайрылуу жолдоого ниеттенип жатышат. Бул маселе парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинин кечээги жабык эшик артында өткөн жыйынында талкууланды. Аталган комитет Ноокен районундагы Чек айылынын тургундарынын үйлөрүн Өзбекстандын куралчан милиционерлери тинткен окуя менен кошо кыргыз-өзбек чегарасына жакын Ханабад жана Анжиян шаарларында болгон атышуу, жардыруулар боюнча Өбекстандын Башкы прокуратурасы тараткан маалыматты талкуулап, өзбек депутаттарын чегара аймагындагы кырдаалга көңүл бурууга чакыруу зарыл деген чечимге келип, аны жалпы парламентте талкуулашмак болушту. (BD)